Түркиянын Бурса шаарында манас жумалыгы өтөт

21-28-сентябрь аралыгында президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Түркиянын Бурса шаарында Бүткүл дүйнөлүк IV көчмөндөр оюндарын утурлай "Баарын коюп Манасты айт" аттуу манас жумалыгы өтөт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын демилгечи координатору Гүлзар Кокенова билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы "Түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору” деп табылган Бурса шаарында Бүткүл Дүйнөлүк IV көчмөндөр оюнунун утурлай «Манасты» даңазалоо жана аны популяризациялоо багытында “Манас жумалыгы” аттуу улуу эпос аркылуу түрк маданиятын эл аралык масштабда таанытуу иш-чарасы өтөт.

Бурса шаарында атактуу Манас эпосун айтуу боюнча Манас жумалыгы Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Венгриядан келген манасчылардын коштоосу менен өтөт.

  1. Ачылыш салтанаты
  2. Театралдык пролог
  3. Манасчылардын узак мөөнөттө манас айтуусу.

“Баарын коюп Манасты айт” аттуу Манас жумалыгынын Ачылыш азамени ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы секретары Султан Раев, Түрк Республикасынын президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ жана Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Омуралиев Каныбектин катышуусу менен өтөт.

Кыргыз Республикасынын манасчылары

  1. Рыспай Исаков –манасчы
  2. Азиз Биймырза уулу – манасчы
  3. Нурбек Талантбеков –манасчы
  4. Улан Исмаилов –манасчы
  5. Самат Көчөрбаев –манасчы
  6. Талантаалы Бакчиев- манасчы
  7. Замирбек Баялиев- манасчы
  8. Азамат Болгонбаев -төкмө акын
  9. Максат Кулуев- төкмө акын

Иш чаранын коноктору:

  1. Хайреттин Ивгин -Түркия
  2. Баянгали Алимжанов- Казакстан
  3. Осман Шахин -Түркия
  4. Арас Булут Селви -Түркия
  5. Шомфай Кара Мажарстан -(Венгрия)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан