Орусиянын президенти Владимир Путин Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялады.
"Мен Коргоо министрлиги менен Башкы штабдын Орусия Федерациясында жарым-жартылай мобилизациялоо сунушун колдоону зарыл деп эсептейм", - деди Путин өз кайрылуусунда.
Ал ошондой эле тиешелүү жарлыкка кол койгонун билдирди. Орусияда мобилизациялык иш-чаралар 21-сентябрда башталат.
Путиндин айтымында, мобилизацияга запастагы, куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн, белгилүү аскердик адистиктерге жана тиешелүү тажрыйбасы бар жарандар кирет. Мобилизация болгондон кийин чакырылгандар атайын операциянын тажрыйбасын эске алуу менен кошумча аскердик даярдыктан өтүшөт.