Казакстандык блогер Нурбек Нуртаза үй-бүлөсүнүн атынан Баткенге жардам катары ыктыярчыларга 1 миллион теңге которду.
Ал инстаграм баракчасына Баткенге жардам катары 1 миллион теңге которгон видеосун бөлүштү.
"Менин баракчамда кыргызстандыктар көп. Кыргыздар биздин коңшуларыбыз, боордошторубуз. 21-кылымда мындай болбошу керек деп ойлойм. Менин үй-бүлөм бул учурда материалдык жардам гана көрсөтө алат. Мына бул Кыргызстандын ыктыярчыларынын сайты. Ошол жактагы номурларга мынча акча котором", - деп 1 миллион теңге которду.