Бүгүн, 21-сентябрь - Тынчтыктын бүткүл дүйнөлүк күнү.
Бул дата Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1981-жылдын 30-ноябрында өткөн 36-сессиясында кабыл алынып, 2002-жылдын 21-сентябрынан тарта белгиленип келет. Башкы Ассамблея бул күнү дүйнө жүзүндөгү зордук, зомбулук менен ок атышууну токтотууга чакырат.
Ар жылы 21-сентябрь күнү Тынчтык коңгуроосу кагылып, Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы кайрылуу жасайт.