Кыргыз маданиятынын ханышасы Жамал Сейдакматова көзү тирүү болгондо 83 жашка чыкмак

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова көзү тирүү болгондо 83 жашка чыкмак.

Ал 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында туулган. Москвадагы полиграф институтунун 3-курсун бүтүрүп, 1959-жылы Кыргыз академиялык драма театрына актриса болуп кирген. Театрда иштеген 30 жылдык өмүрүндө чет элдик, орус, кыргыз классикалык драмаларында башкы ролдорду аткарган. Шамшиев, Океев, Базаров, Убукеев тарткан кинофильмдерде ролдорду аткарган.


1990-жылы "Туңгуч" жаштар театрын ачкан. Жамал Сейдакматова Мамлекеттик Токтогул атындагы, эл аралык "Руханият", Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгы болгон "Алтын дипломду" жеңип алган. Египет, Колумбия, Германияда өткөн эл аралык фестивалдарга катышкан. Бүткүл дүйнөдөгү түрк тилиндеги өлкөлөрдүн Башкортостанда өткөн эл аралык фестивалында Гран-прини жеңип алган.

2021-жылдын 16-февралында кыргыз эли оор жоготууга учурап, театр ханышасы оорудан улам каза болду.

Театрда аткарган негизги ролдору:

  • Жамал (А. Дыйканбаев, "Мүрөктүн суусу")
  • Алиман (Ч. Айтматов, "Саманчынын жолу")
  • Сейде (Ч.Айтматов, "Бетме-бет")
  • Шайыргүл (Т. Абдумомунов, "Абийир кечирбейт")
  • Айганыш (А. Токомбаев, "Өлбөстүн үрөнү")
  • Нази (М.Байжиев, “Төр адам”)
  • Катарина, (У. Шекспир, "Азоого чалма")
  • Эркайым (Ш. Садыбакасов, "Ак боз ат")

    • Агафья Тихонова (Н. Гоголь, "Үйлөнүү")
    • Шафак (М. Карим, "Ай тутулган түндө")
    • Уркуя (Н. Байтемиров, "Уркуя")
    • Күлсүн (М.Байжиев, “Кыз-Күйөө”)
    • Дездемона (У. Шекспир, "Отелло")
    • Алмагүл (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, "Фудзиямадагы кадыр түн")
    • Эльпи (К.Мамбетакунов, “Омор Хаямдын махабаты”)
    • Зейнеп (Б.Жакиев, “Күттүргөн жаз да келээр”)
    • Каныкей (Ж. Садыков, "Манастын уулу Семетей")
    • Салыя (К. Акматов), "Ажырашуу түнү")
    • Жайдар (Ч.Айтматов, Жаныбарым, Гүлсары)
    • Найман эне (Ч.Айтматов, “Кылым карытаар күн”)
    • Тангабике (Мустай Карим, “Ай тутулган түндө”)
    • Мунабия (К. Акматов, Ж.Кулмамбетов "Мунабия")
    • Көзү ачык кемпир ( Ж.Кулмамбетов, “Чыңгыз хандын купуя сыры”)
    • Ханыша (С.Раев, "Ханышанын көз жашы").

    Жамал Сейдакматованын буга чейин "Супер-Инфо" гезитине берген маектеринин урунттуу учурларынан сунуштайбыз.

"Искусство курмандыкты талап кылат. Айрыкча актёрлук. Балдарыма, жолдошума арноочу мээримдин жарымын ролдорума арнадым көрүнөт. Менин курмандыгым үй-бүлөм болду. Азыр артыма кылчайып, балдарыма, жолдошума талаптагыдай көңүл бурбаганымды, ата-энеме перзенттик эмгегимди өтөбөгөндүгүмдү байкап, өзүмдү күнөөлүү сезем".

Бул актрисанын "Супер-Инфо" гезитине 2009-жылы берген маеги. Анда ал атасынын көп жыл күткөн тун перзенти болгонун, бала чагында үйүнө Саякбай Каралаев баштаган чыгармачыл инсандар көп келип, өнөргө болгон кызыгуусу ошол кезден эле башталганын айткан. Актриса болуу үчүн Москвада инженер-технолог кесибине окуп жаткан жеринен окуусун таштап келе бергенин айткан.

Жамал Сейдакматова 2014-жылы берген маегинде күн сайын өзүнө кам көрүүдөн зерикпей тургандыгын, таң эртеден чуркап, йога менен күн сайын машыга тургандыгын билдирген. Актриса тууралуу кесиптештеринин айткандары бул шилтемеде.

Союз жаңы таркаган кезде көп адамдардын каршы болгонуна карабай "Туңгуч" театрын түптөгөн. "Мен театрсыз жашай албайм" деген актрисанын маегин толугу менен ушул шилтемеден окуй аласыздар.

Маданиятта опол тоодой орду бар актриса көптөгөн мамлекеттик, эл аралык сыйлыктарга татыган. Бирок өзүн эң толкунданткан сыйлыкты Лондондо алгандыгын "Супер-Инфо" гезитине 2018-жылы берген маегинде айткан.

Жамал Сейдакматованын 80 жылдык юбилейи өзүнүн туулуп өскөн айылы Ысык-Көлдүн Темир айыл өкмөтүнө караштуу Кашат айылында 15 боз үй тигилип, миңдей конок чакырылып өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан