Ысык-Көлдө 5 гектар жер аянты мамлекеттин менчигине кайтарылды

Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айыл аймагындагы 5 га жер аянты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл райондук сотунун 2014-жылдагы чечими менен “Маяк” балдардын ден соолугун чыңдоо комплексинин батыш тарабында жайгашкан 5 гектар жайыт жер тилкеси А.К. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги жана ага карата жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилгендиги аныкталган", - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Аталган жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында прокуратура тарабынан сотко берилген доо арыз берилген. Анда арыз сот тарабынан канааттандырылып, Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды. Жер тилкеси жалпысынан 16 млн 674 миң сомго бааланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан