“Биздикин сатып ал”. Соода түйүндөр өндүрүштү кантип колдойт?

“Умай Групп” – Globus, “Народный” жана “Достор” үч соода түйүнүн башкарган ата мекендик эң ири соода түйүнү. Быйыл алар кыргызстандыктар ата мекендик өндүрүш товарларын көбүрөөк сатып алуусу үчүн колдон келгендин баарын жасоону чечишти.
Кыргызстандык компаниялардын продукциясын эми Globus “Народный” жана “Достор” дүкөндөрүнүн текчелеринде табуу оңой болот.
Бирок бул чек эмес. Кыргызстандыктар өлкөдө өндүрүлгөн товарлар менен кеңири таанышып, биздин продукцияны татып көрө алышат. “Умай Групп” ушундай жол менен ар бир адам Кыргызстандын экономикасына жана анын туруктуу өнүгүүсүнө инвестиция сала ала турганына ишенет.
Өлкөнүн өнүүгүсү үчүн
Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн акыркы бир нече жылда Кыргызстандын өндүрүшчүлөрү чоң ийгиликтерге жетишти. Ата мекендик продуктылар кээ бир чет өлкөлүк кесиптештерине карама-каршылык бере алат. Бир гана көйгөй бар. Кыргыздар өздөрү адатынча сырттан келген товарды жактырышат. Ошондой эле бул параметрди өзгөртүү керек. Анткени ата мекендик продукцияны колдоо гана экономиканын туруктуу өнүгүүсүнө кепилдик бере алат.
Ата мекендик продукцияны колдоо – Кыргызстандын ийгиликтүү келечегине кошкон салым.
Бүгүнкү күндө ар бир сатып алуучу ата мекендик товарды тандап, биздин өндүрүүчүгө инвестиция салат. Өлкөнүн тургундарына чыныгы нукура бренддерди табууга жардам берүү үчүн “Умай Групп” дүкөндөрүнүн ичинде атайын кампания башталат, ал кыргызстандык товарлар дүкөн текчелеринде гана эмес, компаниянын бардык фирмалык ресурстарында да өзгөчөлөнүүгө жардам берет.
Бул идеяны жайылтуу үчүн “Биздикин сатып ал” деген ураан менен акция башталган.
“Дүкөндөрүбүз ата мекендик товарларды жарнамалоочу кошумча аянтча болуп калышы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Биздин милдет – эл биздин продуктылар менен таанышып, сынап көрүп, сатып алышына ынануу. Биз өндүрүүчүлөргө сатып алуучуну алардын продукциясы менен тааныштырууга жардам беребиз, биздин бренддерди таануу боюнча биргелешип иш алып барабыз жана сатып алуучуларга аларга артыкчылык берүүгө жардам беребиз”, - дейт компаниянын PR менеджери Бермет Танабаева.
Ата-Мекендик өндүрүштү кантип тапса болот?
Кыргызстандын ар бир жараны үчүн “Кыргызстанда жасалган” деген бренд чоң мааниге ээ. Баарыбыз мекенибизди сүйөбүз жана ага жардам берүүгө аракет кылабыз. Муну ар бир адам өзүнүн шык-жөндөмүнө жана мүмкүнчүлүгүңө жараша жасайт жана ар бир жаран өлкөнүн өнүгүүсүнө кичинекей, бирок ишенимдүү кадам жасай алат – ал ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукциясын сатып алуу.
Сатып алуучулар бардык жаңы товарды сатып алууга келгенде бетме-бет келет. Алар товарлардын ар түрдүүлүгүнөн кандайдыр бир конкреттүү продукция чындап эле Кыргызстанда өндүрүлүп жатканын кантип түшүнсө болот. Эми Globus, Народный жана Достор соода түйүндөрүндө навигация оңой болот.
Ар бир дүкөндө кардарды ата-мекендик өндүрүүчүнүн продукциясына алып баруучу навигациялык материалдар менен коштолот.
Текчелерде ата мекендик товарлар да өзүнчө өзгөчөлөнөт. Жана сиздин ата мекендик продукцияны тандоого жардам берет. Кыргыз бренддерин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү үчүн “Биздикин сатып ал” деген жазууну издеңиз. Бирок бул чек эмес.
Ар бир өндүрүүчү өзүнүн подукциясын сатып алуучуга сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берүү маанилүү. Бирок соода борборлорунда жарнамалык стенддерди ижарага алуу кымбатка турат. Ошондуктан ата мекендик өндүрүүчүлөр сатып алуучуларды өз продукциясын дегустация кылууну колдоно алышкан эмес. Эми алар муну бат-баттан жасашат. Umai Group дүкөндөр тармагында жарнамалык топторду жайгаштыруу үчүн ижара акысы жок. Андыктан ата мекендик азык-түлүктөрдүн даамын татып көрүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Биз импорттук продукциянын мыкты ата мекендик аналогдорун акылга сыярлык баада табаарыңызга ишенебиз.
Кыргызстанда эмне чыгарылат?
Текчелердеги жана дүкөндөрдөгү атайын белгилер “Умай Групптун” ата мекендик өндүрүшүн колдоо боюнча масштабдуу иштеринин бир бөлүгү гана. Ошондой эле компания «Биздикин сатып ал» деген ураан менен биздин продукцияларды баса белгилейт.
Ушундай эле белгилер Globus интернет дүкөнүнүн сайтында, ошондой эле мобилдик тиркемеде пайда болот.
Umai Group Кыргызстандык компанияларга өздөрүнүн баннерлерин дүкөндөрүнүн фасадына коюуга мүмкүнчүлүк берилет. Компания өз каражаттарынын эсебинен биздин өндүрүштүн жарнамалык продукциялары тууралуу видеоматериалдарды тартуулайт. Дүкөндөрдүн расмий веб-сайттарында жана корпоративдик баракчаларында атайын бөлүмдөр түзүлөт, анда жеткирүүчүлөр өздөрүнүн бренди, өндүрүш этаптары, продукциянын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып, бүтүндөй продукт линиясын көрсөтө алышат.
Ошондой эле жергиликтүү өндүрүшчүлөр үчүн гана тематикалык жарнамалык программаларды ишке киргизүү пландалууда.
Эске сала кетсек, буга чейин “Умай Групп” да коммерциялык саясатын биздин өндүрүшчүлөрдүн пайдасына өзгөрткөн. Аларга компаниянын дүкөндөр тармагына жеткирүү үчүн жеңилдетилген шарттар түзүлгөн. Бул Кыргызстандын бизнесин колдоо жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жасалууда. «Ата мекендик товарларды канчалык көп алсак, өндүрүш ошончолук тез өсөт. Бул өлкөгө керектүү жумуш орундарын түзүп, бюджетти толтурууга шарт түзөт. Бизнесмендер өз товарларын ЕАЭБдин рынокторуна эле эмес, дүйнөгө экспорттоого мүмкүнчүлүк алышат. Жана биз ата мекендик бизнести жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн колдон келгендин баарын кылууга даярбыз”, - деп жыйынтыктады "Умай Групп".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан