Панфилов районунун акими үй камагына чыгарылды

Панфилов райондук сотунун чечми менен аталган райондун мурдагы акими Т.Молдокулов убактылуу үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты 5-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. 

Эске салсак, аким өкмөттү алдаганы үчүн 2013-жылдын 22-ноябрында премьер-министрдин буйругу менен ээлеген кызматынан алынган.

Маалыматка караганда Т.Молдокулов үстүбүздөгү жылдын июль айында Панфилов районунун акими болуп дайындалган. Ал 2010-жылдын 23-октябрынан 2013-жылдын июль айына чейин Панфилов районуна караштуу Ортоевский айыл өкмөтүнүн башчысы катары иштеп келген.

Анын берген маалым катында 2000-2004-жылдар аралыгында Сокулук районуна караштуу Биринчи Май айыл өкмөтүндө башкы адис болуп иштегени жазылган. Бирок материалдарды текшерүүгө алганда Молдокуловдун бул кызматта иштебегени аныкталган. Райондук администрациянын башчысы болуш үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда же мамлекеттик уюмдарда, мекемелерде 5 жылдан кем эмес башкаруучулук кызматта иштеш керек.

Ушундан соң ага Кылмыш-жаза кодексинин 315-берене (кызматтык жасалмачылык), 350-берене (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) жана 304-беренелери (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу)  боюнча кылмыш иши козголгон эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан