Бишкекте Токтогул-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Неман-Фарм" дарыканасына белгисиз бирөөлөр кирип, кассадан 15 миң сом көтөрүп чыгып кетишкен. Окуя 5-декабрда күндүз болгон. Күбөлөрдүн айтуусунда, Турусбеков көчөсү тараптан эки жигит келип, дарыкананын ичине кирип кетишкен. Аздан соң бир нече петарда жардырышып, кассадан 15 миң сом алып чыгып кетишкен. Окуя болгон жерди милиция кызматкерлери курчоого алып, кылмышкерлерге издөө салынды.