Сердар Бердымухамедов Ашхабад шаарына такси үчүн 150 жаңы Toyota Corolla белек кылды

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын эгемендүүлүк майрамынын алдында Ашхабад шаарына такси катары 150 жаңы Toyota Corolla унаасын белек кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, тапшырылган унааларга "Бул мамлекет башчынын белеги" деген жазуу чапталган. Ошондой эле ар бир унаага GPS системалары орнотулган. Бул унаанын кайда жүргөнүн аныктап, айдоочунун ылдамдыгын көзөмөлдөй алат.

Акыркы жолу Ашхабад шаарынын такси паркы былтыр май айында толукталган. Анда Ашхабаддын 140 жылдыгына карата борбордо ушул эле маркадагы 200 жаңы такси жана 400 Hyundai үлгүсүндөгү автобустар ишке киргизилген.

Түркмөнстандын Эгемендүүлүк күнү 27-сентябрда белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан