Иранда туура эмес хиджаб кийгени үчүн полиция тарабынан кармалган Махса Амининин өлүмүнөн кийинки нааразычылык акциясы 31 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, нааразычылык акциялары Ирандын 100дөн ашуун шаарларында жана 30 провинциясында өтүп жатат. Митингчилер полиция жана өкмөттүк имараттарды өрттөштү. Укук коргоо кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, элге ок чыгарган. Нааразычылык акциядан кеминде беш полиция кызматкери набыт болду.
Ирандагы баш аламандык маалында мобилдик интернет өчүрүлдү. Ирандын чалгындоо кызматы кечээ, 22-сентябрда нааразылык акцияларына катышуу мыйзам бузуу экенин жана бардык демонстранттар сот жообуна тартыларын билдирген.
22 жаштагы Махса Амини өткөн шейшембиде полиция тарабынан хиджаб кийүү эрежесин бузганы үчүн кармалган. Ал кармалгандан бир нече сааттан кийин комага түшкөн.