Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков толугу менен акталды. Маалыматты SUPER.KG порталына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук сотунун 2022-жылдын 18-августундагы өкүмү менен Келдибеков Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "коррупцияга шериктеш болуу" беренелери боюнча күнөөсүз деп табылып, кылмыштын курамы жок деп акталды.
Эске салсак, Келдибековго 2002-2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы жана 2008-2009-жылдары Салык кызматын башкарган убагында коррупция беренеси жана Жогорку Кеңештин спикери кезинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган.
2013-жылы ноябрда УКМК тарабынан тергөө абагына киргизилип, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 2015-жылы ноябрь айында "коррупция" беренеси боюнча актап, ал эми Москвадагы өкүлчүлүктү ачуу боюнча үч миллион сом айып салган.
Жогорку Сот 2021-жылдын 18-августагы чечими менен Ахматбек Келдибековго карата 2015-жылы жана 2016-жылдары чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарган. Анда экс-спикердин ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна кайрадан кароого жөнөтүлгөн эле.