ЭЛДИК КАБАР: Шаар тургуну: "Батир бааларын бардык жерде кымбаттатып жатышат"

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылды. Окурман учурда борбор калаада Орусиядан жарандардын келиши арбын болуп жатканы себептүү батир ээлери ижара баасын кымбаттатып жатканын айтып, нааразы болду.

"Акыркы окуялар фонунда, тагыраагы Орусиядан жарандардын агылып келиши күчөп жаткандыктан батир ээси келип, бизди батирден чыгып кетишибизди айтты. Биз кайда барарыбызды билбей жатабыз. Батир бааларын бардык жерде кымбаттатып жатат. Ал эми биздин ченелүү маянабыз менен батир ижарага алуу кыйынга турууда. Эмнеге карапайым эл кыйналышы керек.

Урматтуу батир ээлери, ижара бааларын кымбаттатууну токтотууну суранабыз. Анткени акчаны адамгерчиликсиз жол менен табууга болбойт", - деп кайрылган ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан