Тажик жараны Кыргызстан менен чек арага жакын жерде миномётко жарылды. УКМК бул боюнча үн катты

Коңшу Тажикстандын жараны чек арага жакын жерде тажик аскерлери орноткон жардыруучу затка жарылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Буга чейин Тажикстандын "Радио Озоди" басылмасы "Кыргызстандын аскер кызматкерлери тарабынан миномёттун жарылышынын натыйжасында, жергиликтүү тургун жарадар болду" деп жазып чыккан. Өз кезегинде Кыргызстандын УКМКсы бул маалыматты Тажикстандын Исфара аймагы боюнча чек ара өкүлдөрү жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрү тастыктабаганын билдирди.

"Тажик жараны чек арага жакын жерде тажик аскер кызматкерлери орноткон жарылуучу заттарга жарылып каза болгон. Кыргыз тарап Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча эл аралык келишимдер менен да, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын делегацияларынын жолугушуусунун №42 протоколу менен бекитилген эки тараптуу макулдашууларды так сактайт", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Spb
2022-09-27 10:45:00
Баары кырылып калса деле убалы жок булардын сооп болуптурда
0
Antiradikal11
2022-09-27 11:24:00
Мина менен минометтун айырмасына барбагандарга тан каламын да.......
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан