"Баалар асман чапчып, сыртта калдык ". Бишкекте батир акысы кескин кымбаттады

Акыркы учурда Бишкек шаарында батир акысы кескин кымбат болуп жатканына нааразы болгон жарандардын саны арбыды. Алар батир ээлери Орусиядан келген жарандардын агымы күч алгандан бери ижара баасын жогорулатып, айрым учурда батирден чыгарып койгон учурлар катталып жатканын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылып атышууда. Алардын бир нечесин төмөндө мисал катары айта кетели.

"Акыркы окуялар фонунда, тагыраагы Орусиядан жарандардын агылып келиши күчөп жаткандыктан батир ээси келип, бизди батирден чыгып кетишибизди айтты. Биз кайда барарыбызды билбей жатабыз. Батир бааларын бардык жерде кымбаттатып жатат. Ал эми биздин ченелүү маянабыз менен батир ижарага алуу кыйынга турууда. Эмнеге мындай учурда карапайым эл кыйналышы керек? Урматтуу батир ээлери, ижара бааларын кымбаттатууну токтотууну суранабыз. Анткени акчаны адамгерчиликсиз жол менен табууга болбойт", - деп кайрылган окурман.
"Мен сиңдилерим менен бирге борбор калаада батирде жашайбыз. Бүгүн ээси чалып, батирге Орусиядан келген жарандарды киргизерин айтып, бизди бошотуп коюшубузду айтты. Биз бул батирде көп убакыттан бери жашайбыз, эмне кыларыбызды билбей жатабыз. Ижара акысын ар дайым өз убагында төлөп, батирди таза кармап жашачубуз. Орусиядан келген жарандардын агымы күч алгандан бери Бишкек шаарында батир ээлери ижара акысын кескин кымбаттатып, төлөй албаса чыгып кетүүнү талап кылышууда. Бишкекте ансыз да батирди ижарага алуу оңой эмес, баалары да кымбат. Эми батирге жаңы гана жайгашкан студенттерди чыгарып жатканы акыйкатсыз. Өлкөбүздө эмгек акы деле жарытарлык эмес экени белгилүү.
Батир ээлеринин бул кадамы бардык ижарада жашаган адамдарга терс таасир берип жатат. Мындан улам биз батир ээлери тууралуу Салык кызматына кабар берүүдөн башка аргабыз жок. Салык кодексине ылайык, ижарага берген адам ай сайын патент жана соцфонд акысын төлөш керек. Бирок алар бул талаптарды аткарбай жатканы бизге айдан ачык", - деген окурман.

Кайрылуулар боюнча жогорудагы жагдайларга юридикалык жактан кандай баа берилет деген суроо менен юрист Элдияр Карачаловго кайрылдык.

"Негизи жаран батирге чыгып жатканда келишим түзүшү керек. Эгер келишимде көрсөтүлгөн баа болсо жогорулата алышпайт. Бирок бизде көпчүлүк оозеки түрдө келишим түзүп алышат. Буга кепилдик жок. Келишим бузулган учурда сотко кайрылса болот. Калган көгөйлөр сот аркылуу чечилет", - деп билдирди ал.

Ошондой эле юрист батирди ижарага алып жаткан учурда ижарачы менен батир ээси ижара келишимин түзүү зарыл экендигин кошумчалады.

Ижарага берген батир ээси Мамлекеттик салык кызматынан ар бир батир бөлмөсүнө патент алып, ижарачы менен келишим түзөт.

Ижара келишими – бул үйдүн жалпы шарттарын аныктаган, батир берүүчү менен ижарачы ортосунда макулдашылган расмий документ. Башкача айтканда, ижара келишими эки тарапты тең байланыштыруучу документ болуп саналат.

Ижара келишимиңизде камтыла турган эң маанилүү нерселер:

  1. Ижарачылардын аты-жөнү;
  2. Жашоо боюнча чектөөлөр;
  3. Ижара мөөнөтү;
  4. Ижара акысы;
  5. Депозиттер жана жыйымдар;
  6. Оңдоо жана тейлөө;
  7. Ижарачылардын мыйзамсыз иш-аракетине чектөөлөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mira27
2022-09-27 14:41:00
Эми ушул баалар кайра ылдый томондобойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан