"Окуяга кириңиз деп айтканбыз". "Манас" театрынын жетекчиси Рысбай Исаковдун манас айтканы боюнча үн катты

"Манас" театрынын жетекчиси Азиз Биймырза уулу Түркияда манас айтып жаткан Рысбай Исаковдун манас айтканы боюнча үн катты.

Азиз Биймырза уулу SUPER.KG порталына билдиргендей, талкууга алынып жаткан видео үчүнчү суткадан төртүнчү суткага караган түнү таңга маал болгон.

"Бул окуя үчүнчү суткадан төртүнчү суткага караган түнү таңга маал болгон окуя. Биз жанында болчубуз. Ошондо баарыбыз "окуяга кириңиз" деп айттык. Анан кайра кирди. Муну туура түшүнүш керек. Адам чарчаганда ар нерсени айтышы мүмкүн.

"Эмне үчүн тегерегин кошот? Нурбек деген эпос жаратып ийди" дегендер болуп жатпайбы. Биздин аттуу-баштуу чоң акындардын биринин ырында деле бар. "Бир акындын сообу болсо тили-жаагы, бүтүн элдин айтылат муң-зары" дейт. Анан бүтүн элдин муңун айтып жаткан акын өзүнүн ички муң-зарын айтууга дагы акысы бар да.

Бул нерсе менен биз "Манас" эпосуна доо кетирели, манасты "Гиннесске" каттайлы деген оюбуз дагы жок. Манас өзүнөн-өзү буга чейин "Гиннесске" кирген. Биз айтуучулуктун феноменин гана даңазалайлы, ушунча саат айтуучулук бар экен деген нерсени көрсөтөлү дегенибиз. Биз ушул нерсени жазап жатабыз.

Мына, бүгүн бешинчи сутка болду. Бардыгы жакшы. Эпостун бир дагы окуясын бузбай ирети менен келе жатат. Бул жерде комиссиянын бардык протоколдору жазылып жатат. Жаңылган жерин дагы жазып жатабыз. Мындан саясат жасоонун кереги жок. Азыр айтып жатканына 112 саат болду. Бүгүн кечке чейин айтса, Кудай буюрса 130 саат менен жыйынтыктайбыз деген оюбуз бар", - деди Азиз Биймырза уулу.

Рысбай Исаковдун Манас айтканы талкууга алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
azhunushaliev
2022-09-27 13:35:00
Бул манасты шылдындап эмне деп тантырап жатат ойюна келгенди сүйлөп манастын таасирин кетириптир го
+2
azhunushaliev
2022-09-27 13:37:00
Колунан келбегенден кийин мынчалык манастын денгелин тушуруп айтпай эле койсо болмок
+3
Аkjol18
2022-09-27 14:20:00
Ушундай айтканча,токтотушу керек да жанындагылар. Манастын кадыр баркын да кетиришип бүтмөй болушту.
+1
Baktiyar731
2022-09-27 14:46:00
Рысбай Исаков да жаттамай манасчы экен, жаттаганы түгөнүп оозуна киргенин айтыптыр, мындай Манас айтуу менен Манастын да, манасчынын аброю кетет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан