"Умай Групп" бир гана Globus, "Народный" жана "Достор" дүкөндөр тармагынын ата мекендик тармактык оператору гана эмес, Кыргызстандагы эң ири иш берүүчү болуп саналат. Мындан 20 жыл мурун бир эле дүкөндөн башталган жамааттын саны бүгүнкү күндө 4 миңге чамалайт. Өсүп-өнүгүү менен биргеликте жумуш орундары менен камсыздаган "Умай Групп" ар бир кызматкердин эмгегин, компанияга кошкон салымын жогору баалайт. Адамдарга кам көрүү баалуулугун башкы принцип катары сактап келет.
Компаниянын HR-директору Нураим Айбашова кызматкерлерди тандоодо эмнелерге көңүл бурарын жана кантип команданын мүчөсү болууга мүмкүн экендигин айтып берди.
"Компаниянын башкы баалуулугу бул - адамдар. Компанияга ишке орноштуруу Эмгек кодексине ылайык, бардык талаптар менен жүргүзүлөт. "Умай Групптун" кызматкерлери Кыргызстандагы эмгек рыногунда коопсуздугу эң жакшы сакталган кызматкерлер болуп саналат. Бизде милдеттүү социалдык чегерүүлөрсүз же акы төлөнбөгөн өргүүсүз “конверттеги эмгек акы” деген түшүнүк жок жана болушу да мүмкүн эмес. Ооруган учурда биздин кызматкерлерге расмий түрдө эмгек өргүүсү берилет. Кийинки айда кандай жашайм, оорудан улам жумушсуз каламбы деп ойлонуунун кереги жок. Ошондой эле бонустар бар. Мисалы, «Эмгек стажы» ар бир иштеген жылы менен кызматкердин айлыгы 5 пайызга жогорулайт. Кызматкерлер бекер тамак менен камсыз болушат. Өздүк өндүрүш продукциясына 30 пайызга чейин корпоративдик арзандатуулар иштелип чыккан.
Кызматкерлердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн ар кандай курстарды жана тренингдерди камтыган акысыз окутуу жана квалификациясын жогорулатуу программасы каралган.
"Умай Групп" тажрыйбасыз жумушка орношуп, ошол эле учурда чоң бийиктиктерге жете турган Кыргызстандагы жалгыз компания деп айта алам. Ал эми соода тармагында бир күн да иштебеген адам биздин окуу борборубузда бекер окуудан өтө алат. Ага бардык керектүү негиздер – кардарлар менен иштөө, товарлар, кассалык аппарат үйрөтүлөт. Анын өнүгүшү үчүн бардык шарттар түзүлөт. Биз заманбап жана технологиялык компаниябыз, ал соода тармагындагы тенденцияларды тынымсыз көзөмөлдөп, күн сайын жакшырып, заман агымынан артта калбоо үчүн иштейт", - дейт компаниянын HR-директору.
"Умай Групп" компаниясы чекене тармактарды өнүктүрүү, Кыргызстанда цивилизациялуу чекене форматтын принциптерин киргизүү, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо, корголгон эмгек рыногун калыптандыруу жана кесипкөй кадрларды даярдоо боюнча ишин улантат. Эгер биздин команданын мүчөсү болууну кааласаңыз, resume@market.kg электрондук дарегине резюмеңизди жибериңиз.
Кененирээк маалыматты 0701 110434, 0701 110439 телефон номерлери аркылуу алсаңыз болот.