29-сентябрда Бишкектин борбордук бөлүгүндө таза суу убактылуу берилбейт.

Мэриядан маалымдалгандай, чектөө Тоголок Молдо суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу киргизилген.

29-сентябрда саат 9:00дөн 22:00гө чейин шаардын төмөнкү даректерде таза суу берүү токтотулат:

Панфилов, Фрунзе, Манас, темир жол линиясы, анын ичинде:
- Манас кең көчөсү "55 дарегиндеги Орусия Федерациясынын элчилиги;
- Бөкөнбаев көчөсү №153 дарегиндеги №70 мектеп гимназиясы;
- Тоголок Молдо №1А дарегиндеги №6 клиникалык төрөт үйү;
- Чүй кең көчөсү № 215 дарегиндеги Бишкек техникалык колледжи;
- Исанов көчөчү №105 дарегиндеги «Биринчи стоматология» ЖАК;
- Чүй кең көчөсү №215 дарегиндеги Академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен жана жаратылыш ресурстарын иштетүү университети;
- Чүй кең көчөсү 150А «Бета Сторес»;
- Т.Молдо көчөсү №3/2 дарегиндеги Улуттук кардиология жана терапия борбору;
- Т.Молдо көчөсү №1 дарегиндеги Улуттук госпиталь;
- Т.Молдо көчөсү №1 дарегиндеги Ардагерлердин поликлиникасы;
- Чүй кең көчөсү № 219/1 дарегиндеги «ПромПроект» ААК ;
- Чүй кең көчөсү № 219 дарегиндеги Мамлекеттик салык кызматы;
- Чүй кең көчөсү, 227 дарегиндеги Кыргыз почтасы;
- Манас кең көчөсү №7 дарегиндеги №-17 Кыргыз почтасы;
- Чүй кең көчөсү № 160 дарегиндеги БУУнун үйү, ;
- Исанов көчөсү 105 дарегиндеги Тез жардам борбору ;
- Исанов көчөсү №42 дарегиндеги Транспорт жана жолдор министрлиги;
- Т.Молдо көчөсү, 54А дарегиндеги "КыргызКоммерцБанк";
- Москва көчөсү № 121 дарегиндеги Биринчи Май райондук билим берүү борбору көч;
- Керимбеков көчөсү № 51 дарегиндеги №47 бала бакчасы;
- Исанов көчөсү №9 дарегиндеги №115 бала бакчасы;
- Бөкөнбаев көчөсү №9/1 дарегиндеги №184 бала бакчасы;
- Чүй кең көчөсү №213 дарегиндеги «Россия» кинотеатры; -«Билим кенчи» жеке мектеби;
- Чуйков көчөсү №134 дарегиндеги «Абитуриент плюс»;
- Исанов көчөсү №4Б дарегиндеги «Алтын түйүн» жеке башталгыч мектеби;
- Манас кең көчөсү №1 дарегиндеги Балдар инженердик-техникалык академиясы;
- Керимбеков көчөсү №13/1 дарегинде жайгашкан "Территория SPA";
- Бөкөнбаев көчөсү №164 дарегиндеги "Развивайка" Балдар билим берүү борбору;
- Бөкөнбаев көчөсү №164 дарегиндеги "Карамель" кондитердик-нан бышыруучу фабрикасы;
- Бөкөнбаев көчөсү 164 дарегиндеги "Insta salon" маникюр студиясы;
- Бөкөнбаев көчөсү №148 дарегиндеги "TourAsia" мейманканасы;
- Бөкөнбаев көчөсү №146А дарегиндеги М.Абдраев атындагы атайын музыкалык орто мектеп-интернаты;
- Бөкөнбаев көчөсү 142 дарегиндеги Бишкек медициналык колледжи (жатакана) ;
- Бөкөнбаев көчөсү 142 дарегиндеги «Тесто Место» кафеси;
- Бөкөнбаев көчөсү №137/1дарегиндеги шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борбору;
- Т.Молдо көчөсү №1Б дарегиндеги Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын ооруканасы;
- Т.Молдо көчөсү 1 дарегиндеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
- Т.Молдо көчөсү 1 дарегиндеги «НейроАрт» диагностикалык борбору;
- Чокморов көчөсү №137 дарегиндеги №3 милициянын участкалык пункту;
- Исанов көчөсү №22 дарегиндеги "Кид и Карлсон" жеке бала бакчасы;
- Манас кең көчөсү. № 41а дарегиндеги «Дипломат» медициналык борбору;
- Исанов көчөсү № 37 дарегиндеги Иорданиянын Кыргыз Республикасындагы Ардактуу консулдугу;
- М.Сагынбай көчөсү №131 дарегиндеги «Аман» жеке бала бакчасы;
- Киев көчөсү № 128 дарегиндеги "CARAVAN" соода борбору;
- Киев көчөсү №132 дарегиндеги Ж.Баласагын атындагы КУУ нун (юридикалык факультети);
- Токтогул көчөсү № 169 дарегиндеги " Diva effect" косметологиялык клиникасы;
- Исанов көчөсү №60 дарегиндеги «Поликлиника 312» Медициналык борбору;
- Киев көчөсү №148 дарегиндеги "Bishkek Park" соода жана оюн-зоок борбору;
- Киев көчөсү № 154 дарегиндеги №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Чүй кең көчөсү.№158 дарегиндеги «Ай Пери» бизнес борбору;
- Киев көчөсү №93 дарегиндеги Кыргыз Республикасындагы Словакия Республикасынын Ардактуу консулдугу;
- Чүй кең көчөсү № 207 дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук кабылдамасы;
- Чүй кең көчөсү 207 дарегиндеги Профсоюздар федерациясы;
- Чүй кең көчөсү 207 дарегиндеги "Чебак-паб" кафе-бары;
- Исанов көчөсү 105/2 дарегиндеги Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы;
- Логвиненко көчөсү 45 дарегиндеги Президенттин Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасы;
- Логвиненко көчөсү 26 дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы;
- Москва көчөсү 126/1 дарегиндеги Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.