Талас жана Чүйдө мектеп директорлорун тандоо сынагынын II айлампасы өттү

Бүгүн, 27-сентябрда Чүй жана Талас облустарынын мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөөнүн II айлампасы өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Маалым болгондой, Талас облусу боюнча конкурстун II айлампасына катышуу үчүн 109 талапкер документ жиберип, андан 96 адам тестирлөөгө катышуу укугун алган.
Талас мамлекеттик университетинде өткөн тестирлөөгө жалпы 93 адам катышып, 3 талапкер сынакка келген жок. Жыйынтыгында 45 талапкер босого балл же андан жогору упай топтоду.
Ал эми Чүй облусу боюнча II айлампага 180 адам документ жиберген. Анын ичинен 26 талапкер документтердин толук пакетин тапшырган эмес. Мындан улам 154 адам тестке катышуу укугуна ээ болду.
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн компьютердик тестирлөөгө жалпы 146 адам катышып, 8 талапкер сынакка келген жок. Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 71 талапкер 60 пайыздык чектен жогору упай алды.
Белгилей кетсек, Талас облусу боюнча 46, Чүй облусу боюнча 86 ваканттык орун бар болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан