Акыркы сутка ичинде республика аймагында 15 өрт кырсыгы катталды. Муну Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Нарын облусунда 3, Чүй облусунда 6 өрт кырсыгы катталган. Өрттөрдү өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.