Жалал-абадда күйөөсү аялын өлтүрүп кетем деп коркуткан. Ал эми аялдын арызын милиция дароо кабыл алган эмес. Бул тууралуу "Акыйкат" укук коргоо уюму жазды.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын 43 жаштагы С.И. аттуу тургуну күйөөсү тарабынан коркутуулар болуп Жалал-Абаддагы "Акыйкат" укук коргоо уюмуна кайрылган.
Анын 53 жаштагы күйөөсү Р.К. аттуу жаран өлтүрүп кетем деп коркуткан. С.И. Р.К. аттуу жаранга 2003-жылы турмушка чыккан. Аялдын айтымында, чогуу жүргөндө экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр, уруш-талаштар, чыр-чатактар көп болгон. Ал эми көрө албастыктын жана башка бир катар себептердин негизинде психологиялык басым 10 жылдан ашык уланып келген. 2022-жылдын августунда жубайлар ажырашууга мыйзамдуу түрдө арыз жазышпаса да, эки айрым жолго түшүшкөн.
Ошондон бери аял эки кызы менен ата-энесинин үйүндө, ал эми күйөөсү аялга таандык батирде жашайт. Бирок ажырашкандан кийин да Р.К. аялы менен кыздарын кайра кайтаруу үчүн аларга системалуу түрдө психологиялык кысым көрсөткөн. 2022-жылдын 4-сентябрында Р.К. аялынын ата-энесинин үйүнө , барып жаңжал чыгаргандыктан аял милиция кызматкерин чакырууга аргасыз болгон. Милиция менен эки саатка созулган териштирүүдөн кийин адам белгисиз тарапка кетип калган.
"Ал мени, балдарымды жана ата-энемди өлтүрөм деп коркутат. Буга чейин мен аны менен жашагандыктан анын коркутуулары реалдуу экенин түшүнөм, ал бизди чындап эле өлтүрүшү мүмкүн", - деген аял укук коргоочуларга жазган арызында.
С.И. 5-сентябрда Жалал-Абад ОИИБнин башчысынын атына арыз жазган. Укук коргоочулар анын билдирүүсүн ШИИБге жөнөтүштү. Ал эми 20-сентябрда тергөөчү укук коргоочуларды чакырып, аял өзү милицияга келип, өз колу менен арыз жазышы керектигин айткан. Ансыз алар иш козгоп, ага коргоо ордерин чыгара алышпаарын билдирген. 22-сентябрда укук коргоочулар кайрадан Жалал-Абад ОИИБнин башчысынын атына арыз жазышкан. Аял акыры милиция ага коргоо ордерин чыгарып, күйөөсүнө таасир этүүнүн жолун табат деп үмүт кыла баштаган.