Бишкек мэриясына 43 миллион сомдон ашык болгон жер тилкеси кайтарылды

Бишкек шаарынын А.Каниметов атындагы жалпы билим берүүчү №1 гимназия-интернатында жер мыйзамдарынын жана муниципалдык менчик мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
А.Каниметов атындагы мектеп-интернатынын мүлк комплекси жер тилкеси менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагына өтүп, муниципалдык менчик болуп саналат.
Текшерүүдө, 2013-жылы гимназия-интернатка жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актысы берилген, бирок участоктун аянты негизсиз азайтылып, аянты 0,44 га түзгөн бөлүгү жогоруда аталган окуу жайдын аймагынан мыйзамсыз алынып, муниципалдык менчиктен чыгарылгандыгы аныкталган.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин дарегине мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө талап киргизилип, анын негизинде болжолдуу баасы 43 миллион 700 миң сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды", - деп жазылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан