Ош шаарында өз энеси ири көлөмдөгү дары берип өлтүрүүгө аракет кылган эки жашы жете элек баланы милиция кызматкерлери куткарып калышты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 1982-жылы туулган тургун өзүнүн 2009 жана 2011-жылдары туулган балдарына ири көлөмдөгү димедрол дарысын берип, өлтүрүүгө аракет жасап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып дароо "Тез жардам" чакырган. "Тез жардам" кызматы жеткенге чейин милиция кызматкерлери жаш балдарга суюктук беришип, ичин ири көлөмдөгү дарыдан тазалоого аракет жасап турушкан.
Окуя бүгүн, 27-сентябрда саат 16:30 чамасында болгон. Апасынын берген көрсөтмөсүнө ылайык, ал балдарын өлтүрүп, андан соӊ өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасай тургандыгын, балдарына чычканга каршы пайдалануучу дарыны жана димедрол дарысын бергендигин айткан.
Учурда шектүүнүн үстүнөн ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Аялдын бул кадамга баруу себептери, диний-экстремисттик топтор менен байланышы жана психикалык абалы дагы текшерилүүдө.
Алгачкы маалыматтарга караганда, балдардын апасы 1982-жылы туулган, күйөөсү менен быйыл ажырашып кеткен. Учурда жабыр тарткан балдардын абалдары жакшы. Алардын мындан кийинки жашай турган жайын социалдык жактан коргоо тармактары карашууда.