Кыргызстан менен болгон жолдоштук беттештен кийин футбол боюнча Орусия курама командасынын 5 кызматкери Бишкек шаарында калып калды. Бул тууралуу "Мутко против" телеграм каналы жазды.
"Кеп команданын административдик штабынын кызматкерлери жөнүндө болуп жатат. Калган бардык оюнчулар жана машыктыруучулар кайтып келишти", - деп айтылат билдирүүдө.
Бишкекте калып калгандар эс алууну чечишкенин айтышкан. Кызматкерлер жакынкы жумаларда жумушка кайтып келүүнү убада кылышкан.
Орусия менен Кыргызстандын жолдоштук беттеши 24-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн. Оюн 1:2 эсебинде Орусиянын жеңиши менен аяктаган.