Министрлер кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин планы бекитилди

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрынан 2023-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Мыйзам долбоорлоо иштеринин планы мыйзам чыгаруу ишин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Документ VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин сессиялык иш планын эске алуу менен иштелип чыккан жана 34 пункттан турат.

Ошону менен катар министрлер кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №109 буйругун күчүн жоготту деп таануу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан