Ош шаарында жаңы таштанды таштоочу жай курулат

Ош шаарында учурдагы таштанды таштоочу жайдын жанына жаңы санитардык полигон курулат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
"Биз беш жылдан бери башка жактан, шаардын четинен жер издеп жүргөнбүз. Бирок таппай, азыркы жердин жанына куруу чечими кабыл алынды. Иш-чаралар ЕРӨБ долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Учурда долбоорго даярдык жүрүп жатат. Ошол эле учурда азыр иштеп жаткан полигонду рекультивациялоону европалык стандартка ылайык жүргүзүү зарылдыгы турат. Андан кийин ал жабылат. Андан ары алдын ала долбоор даярдалгандан кийин европалык стандартка ылайык жаңы санитардык полигонду куруу иштери башталат", - деди вице-мэр Сонунбек Жунусбаев.
Маалымдалгандай, жаңы полигондун пландалган аянты 24 гектар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан