Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чоң Талас каналынан 60 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМ тарабынан маалым болду.
Ага ылайык, 24-сентябрь күнү Ак-Башат айылынын тургуну 60 жаштагы А.А. аттуу эркек киши мал базарга кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат.
26-сентябрь күнү ал жарандын Ауди-80 үлгүсүндөгү унаасы Көк-Дөбө айылынан өткөн Чоң Талас каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Унааны чыгарганда ичинде адам жок жана айнектери ачык болгон.
27-сентябрда жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 24 куткаруучу жана туугандарынан 30 адам тартылып, саат 13:15те жансыз денеси суудан табылып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.