Мирлан Самыйкожо: "Кол сынса сынсын, оюм сынбасын"

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында сөз алган депутат Мирлан Самыйкожо өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылды.

"Парламенттин үстүндө Кудай анан эл турат. Азыркы турушубузда парламенттин Кудайлары көп боло баштады. Алар тайраңдап, өз билгендерин кылып, жоо жакадан алганда жоо менен эмес, парламент менен алышканга өтүп жатышат. Ансыз деле жал куйругу кыркылган парламентти ого бетер басынтып, ар кандай сөздөрдү жалдап жаздырганга өтүштү. Менин оюмча, эч ким эч кимдин этегине намаз окубашы керек. Биз пендеден эмес, Кудайдан корколу.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич, чындык ачуу болот, чыдагыла. Буга чейинки үй-бүлөлүк, кландык башкаруудан, сатып кеткен кастыктан көңүлү көк таштай катып калган эл сизди анан бизди шайлап берген. Кечээги окуяларды кантип жашыра алабыз. Эл баарын билет. Келгиле депутаттар, кол сынса сынсын, оюм сынбасын деп иштейли", - деп кайрылуу жасады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан