3 жаштагы Арзуунас операция жасатуу үчүн кыргыз элинин жардамына муктаж болууда

SUPER.KG порталына Акылбек Узакбаев аттуу жаран кайрылып, кызы Арзуунас Эралиевага операция жасатуу үчүн каражат жетпей жатканын айтып, кайрымдуу калктан жардам сурады.

"Кызым 3 жарым жашта. 3-4 ай кезинде буту сынган. Ыйлап эле басылбагандан ооруканага барсак "жакшы" дешкен. Кийинчерээк дагы барганыбызда бутунда бир нерсе бар экен деп гиписттеп коюшкан. Ошол убактан бери эле ооруканалап жүрөбүз. Дарыгерлер (Правый нижней конечности, врожденная ложный сустав обеих костей голени справа) диагнозун коюшкан.

Бишкекте 3-балдар ооруканасында жатып, бир жолу операция жасалды. Ал эми 4-шаардык ооруканадан 2 жолу операция жасалган. Жыйынтык болгон жок. 4-жолу операция жасайбыз, бирок кепилдик бербейбиз дегени үчүн Түркияга барып операция жасаталы деп жатабыз. Ал жактан дарыгерлер келгенде көрүп кетишкен. Тааныштар Индияны дагы сунуштап жатат. Эки мамлекетте тең операциянын баасы 12 миң долларга болот экен. Андан кийин 1 ай дарылануусу бар. Бизге 20 миң доллар керек болуп турат. Эки айдан бери каражат чогултуп жатабыз. Өз күчүбүз менен каражат топтой албагандыктан элден жардам суроого туура келди.

Учурда кызымдын буту экинчи соо бутуна караганда өсүшү кыска болгону билинип атат", - деп билдирди ал.

Акылбек Узакбаев келинчеги жана 3 баласы менен Токмок шаарындагы Покровка айылында турат.

Реквизиттер:

Мбанк: 0704-54-67-67. Узакбаев Акылбек Эралиевич.

Оптима банк: 4169585347576539 : Иманкулова Айдай Джыргалбековна.

Элсом: 0509-111-027.

О! Деньги: 0509-111-027. Иманкулова Айдай Джыргалбековна.

0704-54-67-67 Узакбаев Акылбек Эралиевич.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан