Мадумаров: "Ташиевдин парламентке эки ящик автомат көтөрүп келгени жапайычылык"

Эл өкүлү Адахан Мадумаров УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламентке эки ящик автомат алып келгендигин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

“Өткөндө Коопсуздук кызматынын жетекчиси эки ящик автомат көтөрүп парламентке кирип келгени чектен ашкан жапайычылык. Биз мыйзам чыгаруу органы катары ар бир кыймыл-аракеттин мыйзамдуулугун укуктук тарбынан сөзсүз түрдө баа беришибиз керек. Ага баа бере албасак, анда Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин аткара албады деп билишибиз керек. Бул маселелерди биринчи кезекте күн тартибине киргизип, ушуларга чекитти коюп, андан кийин мыйзам кабыл алсак, максатка ылайык болот”, - деди Мадумаров.

Анын айтымында, бул окуя Тажикстан менен чек арадагы жаңжал талкууланган жабык жыйында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан