Кара-Жыгач конушунда 280 балага ылайыктуу бала бакча ачылды (фото)

Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда №17 "Ай Күн" бала бакчасы ачылды. Ачылыш аземге борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.
Мэриядан маалымдалгандай, мектепке чейинки балдар мекемеси 280 балага, алты тайпалык топко ылайыкталган.
Биринчи кабатта оюн бөлмөлөрү, кампа, бөлүштүрүүчү ашкана, уктоочу бөлмөлөр, жуунуучу бөлмөлөр, кабыл алуу бөлмөсү бар. Экинчи кабатта музыкалык жана спорт залы, методикалык кабинет, оюн бөлмөлөрү, кабыл алуу бөлмөлөрү, кампалар жана башка бөлмөлөр каралган.
Бала бакчанын имараты керектүү жабдуулар: ашкана жабдуулары, эмеректер, эки кабаттуу керебеттер, кеңсе жана балдар отургучтары, стол, шейшептер, идиш-аяк, оюнчуктар, самын жуучу каражаттар, ошондой эле окуу куралдары, балдар үчүн көркөм адабияттар менен камсыздалды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан