Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Бакыт Шаршеев кызматынан бошотулду. Маалыматты президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Шаршеев берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулганы айтылат.