Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарында мигранттын полиция кызматкерлери тарабынан военкоматка баруусу айтылган видео боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
"Учурда элчилик окуянын чоо-жайын тактоо жана анын катышуучуларынын аты-жөнүн аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Кыргыз Республикасынын жарандарынын бул окуяга катышкандыгы тастыкталган учурда, элчилик алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт", - деп билдиришти элчиликтен.
Буга чейин Москвада Жол кайгуул кызматкери Борбор Азиядан келген мигранттарды урушуп, военкоматка баруусун талап кылгандагы видеосу тараган.