Ысык-Көл облусуна жаңы башчы дайындалды

Илияз Иманбетов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун призиденттин маалымат кызматы кабарлады.

Ал буга чейин Финансы министринин орун басары болуп келген. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, бүгүн ал кызматынан бошотулду.

Буга чейин аталган кызматты Алтынбек Сулайманов ээлеп келген. Кечээ, 27-сентябрда ал өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан