Тажикстандын кол салуусунан Бишкекке келген баткендиктер үйлөрүнө маршруткалар менен кайтууда (фото)

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Баткен облусунан эвакуацияланып келген жарандар үйлөрүнө жөнөтүү иш-чарасы жүрүүдө.

"Жарандарды үйлөрүнө кайтаруу үчүн Бишкек мэриясынан унаалар бөлүндү. Ал эми ӨКМ тарабынан күйүүчү май менен камсыздалды. Жалпысынан 30 кичи автобус менен 600дөй жаран жөнөтүлдү. Андан тышкары 6 кичи автобус жолго чыгууга даярдалууда. Биринчи кезекте кары-картаңдарды, жаш балдарды, кош бойлууларды жөнөтүп жатабыз", - деди ӨКМнын өкүлү.

Ошондой эле ал эвакуацияланган жарандар Баткен жана Лейлек райондоруна бара турганын кошумчалады.


Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан