Социалдык тармактарда Орусияга ичи дээрлик бош болуп учкан учактын видеосу тарады.
Видеонун автору белгисиз. Камерага ал киши баласы менен Орусияга учуп бара жатканын, учак дээрлик бош экенин көрсөттү. Учактын отургучтарына караганда бул Орусиянын "S7 Airlines" авиакомпаниясына таандык учак.
Өз кезегинде "Авиатрощина" телеграм каналы учак Бишкек-Иркутск багыты боюнча учканын жазды.
"Бишкектен Иркутскка "S7 Airlines" компаниясынын адаттан тышкаркы учагы учту. Учактын эки гана жүргүнчүсү болгон. Каттам 26-сентябрда Airbus A320 учагында ишке ашырылган. Бул каттамга жалпысынан үч билет сатылган", - деп жазылды телеграм каналдын маалыматында.