Журналист Болот Темиров эки берене боюнча акталды

Журналист Болот Темиров эки берене менен акталды. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунан маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 28-сентябрда Свердлов райондук соту журналист Болот Темировдун иши боюнча чечим чыгарды.

"Судья Акылбек Адимов Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жасоо) жана 378-берене (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча актады. Ал эми 379-берене (документтерди жасалмалоо) боюнча күнөөлүү деп таап, кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазага тартылбайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан