2022-жылдын 9 айында Тажикстан менен болгон чек арада 14 кагылышуу катталды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Чек ара кызматынын билдиришинче, 2012-жылдан 2021-жылга чейин мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жалпы 130 кагылышуу орун алган. Анын ичинен: 2012-жылы 18;
2013-жылы - 19;
2014-жылы - 32;
2015-жылы 10;
2016-жылы - 11;
2017-жылы - 10;
2018-жылы - 7;
2019-жылы - 14,
2020-жылы - 7;
2021-жылы - 2.
16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 62 адам каза болгонун билдирди.