85 жаштагы студент карыя тууралуу тартылган видео социалдык тармактарга тарап, көпчүлүктү кубандырууда.
Видеодо көрүнгөндөй, карыя ак халатчандар менен кадимкидей партада отуруп, дептерин барактайт. Эшиктен мугалим кирип келгенде карыя студенттер менен чогуу туруп учурашат.
Карыя Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде окуп жатканы белгилүү болду.