Мирлан Самыйкожо Эдил Байсаловго: "Президентти отко түртүп баратасыңар"

Бүгүн, 28-сентябрда Азаттыктын "Эксперттер талдайт" берүүсүндө Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо президентти өкмөттөгүлөр отко түртүп бара жатканын айтты.

"Сиз (Эдил Байсаловго) айтып жатасыз баарына өлкө башчы жооп берет деп. Туурабы? Сиздер ушул убакка чейин буйтаңдап келип, акыры бир адамды күнөөкөр кылып кеткенге машсыңар. Бүгүн дагы президентти кандайдыр бир деңгээлде отко түртүп бара жатасыңар. Бүгүн ушундай кырдаалга, курч учурга келе жатканда сиздер кечээки жасабай калган иштерди моюнуңарга ала албай жатасыңар.

Кана ким жооп берет? десе ага кандайча жооп бериш керек, бул деген мындай болот, бул деген андай болот деп буйтактатпай түз жооп бергиле. Силер деген өкмөтсүңөр. Силер муну алдын-алышыңар керек болчу", - деди Мирлан Самыйкожо.

Өз кезегинде Байсалов Мирлан Самыйкожого Кыргызстандын былтыркы армиясы менен быйылкы армиясын салыштырууга чакырды.

"Былтыркыга салыштырмалуу армиянын абалы асман менен жердей", - деди Байсалов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан