Ак үйгө эки ящик автомат алып келүү психикалык жактан кордоо. Бул тууралуу Баткен облусунун мурдагы губернатору Өмүрбек Суваналиев Азаттыктын "Эксперттер талдайт" берүүсүндө айтты.
"Бирдеме болсо эле жабык эшик артында анан тигил-бул дейт. Бул жерде эч кандай жашыра турган нерсе жок. Мына, эки ящик автомат алып келип депутаттардын шермендесин чыгарышпадыбы. А булар болсо айтпай жатат. Сөз болду да, "Э силер эмне акылдуу болуп жатасыңар? Кыйын болсоңор автомат алып туруп Баткенге жөнөгүлө" деди да. Анан эки автобусту алып келип коюшту. Бул психикалык жактан кордоо", - деди Суваналиев.