Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Министрлик чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысын иликтөөдө. Кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бардык толук маалыматтар берилет.
Буга чейин SUPER.KG порталына өздүк булактар Алмазбек Бейшеналиев пара алууга шектелип кармалгандыгын билдирген