Чүйдүн Ысык-Ата райондук салык кызматындагы жана аймактык казына бөлүмүндөгү каржылык мыйзам бузуулардын бети ачылды. Муну 6-декабрда КРнын Эсептөө палатасынын маалымат кызматы кабарлады. Эсептөө палатасынын Бишкек шаардык жана Чүй, Талас облустук аймактык бөлүмү аудит жүргүзүү учурунда аталган мекемелер бюджетке 3 миллион 350 миң сом зыян келтиргени белгилүү болуптур. Эч кандай акча төлөнгөнү тууралуу документи жок 866 миң сомдук патент сатылган. Мындан сырткары салык түзүмүндө бир катар мыйзамсыз иштер жүргөн.
Факты боюнча материалдар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.