Электр жабдууларын колдонууда техникалык эрежелердин сакталбагандыгынан турак үйдө өрт чыгып, үй ээси каза болду. Бул туурасында Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 6-декабрда болжол менен 01:30дар чамасында Москва районуна караштуу Балайылчы айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Тилсиз жоонун кесепетинен үйдүн 40 чарчы метр чатыры, ичиндеги жууркан-төшөктөр күйгөн жана 1948-жылы туулган М.Р. каза тапкан.