Каракол-Эңилчек унаа жолунун 12-чакырымында жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 5-декабрында болжол менен 23:00дөр чамасында болгон. БМВ-525 үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, бакты сүзгөн.