Кечээ, 5-декабрда саат 23:45тер чамасында Ош-Баткен унаа жолунун 104-чакырымында жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болуп, 7 адам жабыркады. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Степ-Вагон жана Форд үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн.
Жол кырсыгы болгон жерге Кызыл-Кыя шаарындагы ӨКМнын 5 куткаруучусу барып, жабыркаган адамдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.