Кечээ, 5-декабрда Бишкектеги ЕККУнун өкүлчүлүгүнүн кызматкери 32 жаштагы М.Юлия жол кырсыгына кабылды.
Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын маалыматына караганда, жол кырсыгы Чүй проспектиси менен Т.Молдо көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда М.Юлиянын башкаруусундагы Хундай Туксан үлгүсүндөгү унаа С.Азиздин башкаруусундагы Ниссан Сефиро унаасы менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынан жабыркагандар болгон эмес. Автоунаалар айып жайга токтотулуп, бардык чогултулган материалдар Бишкек ШИИББинин жол кырсыктары боюнча тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.