Стол тенниси боюнча Бишкек мэринин кубогунун жыйынтыгы чыкты

9-декбарда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде стол тенниси боюнча Бишкек мэринин кубогу өттү. Мелдешке Бишкектин Октябрь, Ленин райондук администрациялары, Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгы, Турак жай коммуналдык чарбасы, Жарнама департаменти, “Тазалык” ишканасы сыяктуу бир катар мекемелердин атынан 16 команда катышты. Жыйынтыгында командалык эсепте 1-орунду “Бишкексууканал”, 2-орунду Турак жай коммуналдык чарбасы, 3-орунду “Бишкекжылуулукэнерго” ишканалары ээледи. Эртең аталган ишканалар арасында өтүүчү Бишкек мэринин кубогунун чүчү кулак таштоо аземи өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан