Сокулукта жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 5 адам жабыркады. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 5-декабрда болжол менен 19:30дар чамасында Бишкектен “Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо Субару Легаси жана Хонда Одиссей унаалары сүзүшкөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен Субару Легаси унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден көз жумган.