Евробиримдиктин рыногу кыргызстандык ишкерлерге жакын болот

Бүгүн Бишкекте трансчегаралык сооданы башкаруу боюнча жаңы окуу программасы расмий башталды. Бул кыргызстандык ишкерлерге өз продукциясын региондук жана эл аралык деңгээлде экспорттоого жакшыраак даярданууга жардам берет. Бул иш-чарага мамлекеттик башкаруунун, бизнес-коомчулуктун жана эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Эл аралык соода эрежелери, экспорт процесстери, Евробиримдик рыногунун талаптары, ошондой эле сапат жана шайкештик стандарттары тууралуу билимдерди жана куралдарды өздөштүрүү ата мекендик бизнес үчүн эл аралык рынокту ачат.

Вероника Исаева, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары:

«Бул окуу программасы өзүнүн мүнөздөгүчтөрү жана мазмуну боюнча уникалдуу. Ал ата мекендик ишкерлерге Европа рыногуна чыгуунун жол-жоболорун жана өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө жардам берет, анын өз эрежелери жана талаптары бар. Курста билим алган тренерлердин жардамы менен маалымат биздин максаттуу аудиторияга – чакан жана орто ишканаларга жеткирилет».

Кыргызстандын ар бир ишкери эл аралык соода эрежелеринен тарта экспорттун жол-жоболоруна, транзиттик каттамдарга, сапат жана шайкештик стандарттарына, ошондой эле Европа Биримдигинин (Евробиримдик) рыногунун өзгөчөлөнгөн талаптарына чейинки темалар боюнча квалификациясын жогорулатуу үчүн акысыз курстарга жазыла алат.

"Бул жаңы окуу программасы менен Кыргыз Республикасынын потенциалдуу экспортчулары Европа Биримдиги рыногу сунуштаган мүмкүнчүлүктөрдү кантип пайдаланууну жакшыраак түшүнүшөт. Евробиримдик 440 миллион керектөөчүсү жана ачык-айкын эрежелери жана ченемдери бар бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу рынок”, - деди Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн долбоордук менеджери Стефано Коррадо мырза.

Евробиримдик менен сооданы ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн бул эрежелерди жана ченемдерди жакшы изилдөө керек. Ошондуктан долбоор Кыргызстандагы Эл аралык соода борборунун институционалдык өнөктөшү болгон М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин базасында ишке ашырылууда.

«Долбоордун алкагында биздин университетте түзүлгөн иш билгиликтин борбору бизнеске сезилээрлик пайда алып келет. Биздин мугалимдер Эл аралык соода борборунун интенсивдүү тренингдерин өтүштү. Биз ишкерлерди окутуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүнү жана кеңейтүүнү улантуудабыз”, - дейт өнөктөш уюм тарабынан долбоордун координатору Булат Токсобаев.

Кеңири билим берүү иш-чараларын жүргүзгөн Ready4Trade Борбордук Азия долбоору Борбордук Азиянын беш өлкөсүндө аймактык жана эл аралык сооданы өнүктүрүүнү колдойт. Төрт жылдык демилге Евробиримдик тарабынан каржыланган ири программанын соода компоненти болуп саналат, ал инвестицияны, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жана сооданы колдойт, ошону менен аймактагы туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өнүгүүгө салым кошот. Ready4Trade Борбордук Азия долбоору Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Эл аралык соода борбору тарабынан ишке ашырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан